Линктер

жекшемби, 26-март, 2017 Бишкек убактысы 11:54

Кыргыз-тажик чек арасында көзөмөл күчөтүлдү


УКМКнын алдындагы чек ара кызматынын штаб жетекчиси Чолпонбек Турусбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, Тажикстандын абагынан 25 адамдын качкандыгына байланыштуу, алардын Кыргызстанга кирип кетүү коркунучун алдын алуу максатында эки өлкөнүн чек арасында көзөмөл күчөтүлдү. Учурда кылмышкерлер боюнча маалымат алмашуу иштери жүрүп жатат.

Дүйшөмбүгө оогон түнү Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын Дүйшөмбү шаарындагы абак жайынан узак мөөнөткө кесилген 25 чакты ислам согушчаны качып кетти. Тажик бийликтеринин билдиришинче, алар кеминде беш күзөтчүнү өлтүрүп кетишкен. Алардан башка 20дан ашуун адам өкмөттүк төңкөрүш уюштурмак болду деп, өткөн жумада он жылдан 30 жылга чейин эркинен ажыратылган. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG