Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:41

Баткендиктер шаар мэринин алмашуусуна каршы


“Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын билдиришинче, учурда Баткен шаардык мэриясынын алдына жүзгө чукул киши чогулду. Алар жогорку бийликтин шаарга жаңы мэрди дайындаган буйругуна нааразы болуп, мурдагы мэр Суйдакмат Эрматовдун калышын талап кылып турушат. Бүгүн губернатор Султанбай Айжигитов жаңы мэр Ашым Райымкуловду тааныштырган болчу. Бирок мэриянын, шаардык мекемелердин кызматкерлери, шаардык кеңештин депутаттары аны кабыл албай тургандыктарын билдиришкен. Ашым Райымкулов 7-апрель окуяларынан кийин Баткен районунун акими болуп бир күн иштеген. Бирок бул кызматка буйрук чыкпаган соң, ордун бошотуп берген. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG