Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:21

Социал-демократтар партиясы курултайын өткөрдү


Социал-демократтар партиясынын 10-юбилейлик курултайына 767 делегат келди. Курултайда партиянын шайлоо алдындагы платформасы талкууланды. Партиянын лидери Алмазбек Атамбаевдин айтымында, программа экономиканы өнүктүрүү, элдин социалдык жактан корголушун жана коопсуздугун сактоону күчөтүү багыттарын камтыйт. Курултайда “Азаттык” партиясынын лидери Исмаил Исаков өзүнүн партиясы социал-демократтар менен бириккенин билдирди. Мындан тышкары иш чарага “Ата Мекен”, “Ата Журт” партиясынын лидерлери да катышты. Форумдун жыйынтыгында депутаттыкка талапкерлердин 120 кишиден турган тизмеси бекитилди. Алардын ичинде 25 орун жаштарга берилген. Бул туурасында партиянын маалымат-кызматы кабарлады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG