Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:52

Могадишодогу чабуулдан алты депутат да өлдү


Сомалинин байтакты шаары Могадишодо мейманканага жасалган бомба чабуулунан 30дан ашуун киши курман болду. Өлгөндөрдүн ичинде Сомали парлментинин алты депутаты да бар. Исламчыл “ас-Сабааб” экстремисттик тобу жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Расмий маалыматка караганда, жанкечти Сомали армиясынын формасын кийип алган экен.

Ас-Шабааб” өткөн айда Уганданын борбору Кампалада эки бомба жардырып, 70тен ашуун адамдын каны төгүлгөн. Радикалчыл уюмдун маалымдашынча, бомба чабуулу Уганданын өз территориясына Африка Союзунун күчтөрүн жайгаштыруусуна жооп ирети уюштурулган.

Адаватчыларга каршы согушта Сомалинин батышчыл өкмөтүнө Африка Союзунун 6 миң аскери көмөктөшүүдө. “Ас-Шабааб” радикалдык тобунун “ал-Каида” менен байланышы бар экени айтылып келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG