Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:21

Пакистан суу ташкындан калыбына келүү үчүн кеминде үч жыл керек


Президент Азиф Али Зардаринин айтышынча, миллиондогон пакистандыктарды там-жайсыз калтырган суу ташкындан өлкөнү калыбына келтирүүгө кеминде үч жыл керек. Зардари 23-августта кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып, ислам согушчандары кырдаалды пайдаланып, катарын кеңейтпеси же чабуулдарын күчөтпөс үчүн өкмөт кыраакы болушу зарыл экенин баса белгиледи.

Дүйшөмбү күнү Вашингтондо Эл аралык валюта фонду менен Пакистандын өкүлдөрү суу ташкындын зыяны менен кантип күрөшүүнүн жолдорун талкуулаган сүйлөшүүлөр башталган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG