Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:02

Дүйнөнүн эң мыкты голф оюнчусу Тайгер Вуд аялы менен ажырашты


Атактуу америкалык спортсмен Элин Нордегренге алты жыл мурда үйлөнгөн эле. Былтыр ноябрда Тайгер Вуд аялы менен Флоридагы үйүнө бараткан жолдо чатакташып кеткенден кийин, Вуддун көптөгөн аялдар менен болгон байланышы ачыкка чыккан. Ошондон кийин спортсмен сексуалдык клиникада атайын дарыланып, март айына чейин мелдештерге катышкан эмес. Ажырашуунун шарты али шардана боло элек. Бирок айрым булактар Элин күйөөсүнөн 750 миллион доллар өндүрүп алганын кабарлашты. Экс-жубайлардын ортосунда 3 жашар кызы-Сэм жана 1,5 жашар уулу-Чарли бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG