Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:38

Россия кургакчылык алып келген чыгымды эсептеди


Россиянын 2010-жылдагы ички дүң жыйымы быйылкы катуу кургакчылыктан улам 0,7-0,8 процентке аз болот. Өлкөнүн экономикалык өнүгүү министринин орун басары Андрей Клепачтын сөзүнчө, ноябрда түшүм жыйналып бүткөндөн кийин гана кургакчылыктын зыяны жөнүндө кеңири маалымат берилет. Ырасмий маалыматтарга караганда, мурда болуп көрбөгөндөй кургакчылык менен өрттүн кесепетинен буудай аянттарынын төрттөн бири зыян тарткан. Табигый апаат өкмөттү буудай экспорттоого тыйуу салууга түртүп, анын айынан дүйнөлүк базарда ундун наркы жогорулап кетти.

XS
SM
MD
LG