Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:10

Дзюдочу Т.Масабиров дүйнө чемпиону болду


Дзюдо жана самбо боюнча эл аралык спорттун чебери, Кыргызстандын Улуттук дзюдо федерациясынын вице-президенти Таалайбек Масабиров Канаданын Монреаль шаарында өткөн спорт чеберлери арасындагы 12-чемпионатта биринчиликти жеңип алды. Кыргызстандык балбан 81 киллограммга чейинки салмакта күчүн сынады.

Чемпионатта Т.Масабиров беш жолу күрөшүп, бешөөндө тең атаандаштарын утуп алды. Биринчи кармашта ал бразилиялык балбанды, экинсисинде англиялык, үчүнчүсүндө аргентиналык, төртүнчүсүндө австриялыкты жеңилүү ызасын тарттырды. Ал эми финалдык беттеште ал былтыркы чемпионаттын жеңүүчүсү канадалык дзюдочу менен кездешип, аны да жыгып алды. Бул тууралуу Кыргызстандын дзюдо федерациясы билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG