Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:45

Минскиде евангелисттик чиркөө бийликтин басымына кабылууда


Минскидеги бул чиркөөнү ондогон полиция жана аскер кызматкерлери курчап алышты. Алар «Жаңы жашоо чиркөөсүнүн» кызматкерлерине Минск шаардык ички иштер департаменти, салык ичспекциясы, чукул кырдаалдар министрлиги жана мамлекеттик санитардык көзөмөл агенттигинин сунушу менен мындай кадамга барып жаткандыгын айтты. Күч кызматкерлери чиркөөнүн жанында белгисиз бирөөлөр тамак-аш сатып жүргөндүгү тууралуу маалымат жеткендигин айтышты. Чиркөөгө келип сыйынгандар болсо мындай сөздү «болбогон кеп» катары баалашып, күч органдарынын өкүлдөрүн чиркөөнүн ичине киргизбей коюшту. Ошол эле учурда чиркөөгө келгендер полиция менен аскер адамдары чиркөөнү жок кылганы келишти деп коркуп жатышкандыгын айтышты.
Минск шаардык бийлиги соңку беш жылда чиркөөнүн имаратын тартып алуу аракетин көрүп келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG