Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:23

Тажик түрмөсүнөн качкандар дагы эле дайынсыз


Тажикстандын коопсуздук комитети 22-августун түнүндө коопсуздук кызматынын абагынан качып кеткен 25 кишинин он төртүнүн сүрөтүн маалымат каражаттарына чыгарды. Качкындардын бешөөТажикстандын, төртөө Орусиянын, дагы төртөө Ооганстандын жана Өзбекстандын бир жараны экени айтылууда.

Кечээ кылмышкерлер түшүп качкан 4 автомашина Файзабад районунун Ромит капчыгайында табылган. Машинелерден алынган манжалардын тагы боюнча качкындарга сырттан бирөөлөр жардам бергени маалымдалды. Коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча түрмөдөн качууну өтө оор кылмыш жасаган деп айыпталган эки тажик жараны Иброхим Насриддинов, Хикматулло Азизов жана орусиялык Магомед Азмедов уюштурган. 23-августтун түнүндө алар алдын ала сүйлөшүп алып, түрмө сакчысын өлтүрүп, курал жаракка ээ болгондон кийин дагы 23 кылмышкерди бошотушкан. Андан кийин Юстиция минисрлигинин 4 кароолчусун өлтүрүп, белгисиз тарапка из жашырган.

Издөө иштерине Тажикстандын бардык күч органдары тартылды, жакынкы арада оогандык жана орусиялык из кубарлар дагы кошулаары айтылууда.

XS
SM
MD
LG