Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:32

Кытайда авиакырсыктан 42 адам өлүп, 54 киши ооруканага жаткырылды


Кытайдын батыш чыгышында орус-кытай чек арасына чукул жерде ичинде 96 адам бар учак атайын самолет коно турган тилкеден чыгып кетип өрттөндү. Ичун аба майданында кырсыкка учураган учак экиге бөлүнүп кеткен, учурда набыт болгон 42 кишинин кимдиги аныкталды. Аман калган 54 киши ооруканага жеткирилип, алардын абалы туруктуу экени кабарланууда. Жаракат алгандар негизинен күйүк, кесик жана сыныктан жабыркагандар. Кытайдын маалымат каражаттары кырсыккка учураган Имбаер 190 самолетунда 91 жүргүнчү жага 5 учак кызматкери бар экендигин маалымдоодо.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG