Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:51

Ново-павловка айылында окуучулардын ата-энелери жол тосууга ниеттенүүдө


Бул туурасында “Азаттыкка” “Таза табият” коомунун жетекчиси, нааразы ата-энелердин ишенимдүү өкүлү Анара Дауталиева билдирди. Анын айтымында, айылдагы мектепте акча чогултууларга нааразы ата-энелер бул маселе боюнча билим берүү министрине кайрылганы жатышат. Учурда айылдагы №1 мектепте окуучулардан айына 320 сомдон, 1-класска баланы алуу үчүн 1200 сом жана бала бакчаларга балдарды кабыл алууга 2000 сомдон талап кылган көрүнүштөр орун алууда. Бул боюнча нааразылык билдирген айрым ата-энелер Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнөн басмырлоолорго туш болгонун билдирип жатышат. Алар койгон талаптары боюнча билим берүү министрлиги чара көрбөсө, Бишкекке кире берчү жолду тосууга чыгышаарын билдирип жатышат. Билим берүү жана илим министрлигинин бул маселе боюнча позициясын билүү мүмкүн боло элек.(AzK)

XS
SM
MD
LG