Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:11

АКШнын мурдагы президенти Жимми Картер Түндүк Кореяга барды


Бул тууралуу Түндүк Кореянын мамлекеттик жаңылыктар агенттиги кабарлады. Америкалык айрым расмий өкүлдөрдүн айтымында, мурдагы президент Пхеньянга ал жерде абакта олтурган америкалык жаран Айжалон Гомести бошотуу аракетинде барган. Бирок Ак үй, Мамлекеттик департамент же мурдагы президенттин кеңсеси Жимми Картердин сапарынын максатын ырастаган да, төгүндөгөн да жок. Айжалон Гомес Түндүк Кореянын чек арасына Кытай тараптын мыйзамсыз киргени үчүн быйыл январда сегиз жылга кесилген. Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат каражаттары өткөн айда ал өзүн-өзү өлтүрүүгө аракеттенгендигин кабарлашкан.

XS
SM
MD
LG