Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Ф. Турусбекова: Ооругандар өз укуктарын жана милдеттерин билишпейт


Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук кабылдамасынын жетекчиси Фатима Турусбекованын билдиришинче, дээрлик бардык кайрылуулар боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, оорулуулардын тиешелүү төлөмдөрдөн тышкары ашыкча төлөнгөн каражаттары кайтарылып берилет. Бирок жашыруун билдирүүлөр ишти оорлотуп коет. Анткени ар бир кайрылган доочу ага туура эмес мамиле кылган мекеме же кызматкер тууралуу так маалымат бериши керек. Көп учурда ооругандардын өз укуктарын жана милдеттерин биле бербегендиги- алардын медицина кызматкерлери менен болгон мамилесине терс таасирин тийгизет.

Жыл башынан бери коомдук кабылдамага ар кандай арыздар, билдирүүлөр менен 970 киши кайрылган. Алардын көпчүлүгүн Чүй облусунун, анын ичинде Бишкектин тургундары түзөт. Кабылдама күн сайын адаттагы график боюнча жарандарды кабыл алат. (AzK)

XS
SM
MD
LG