Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:35

“Манастын төрөлүшүн утурлап” тасмасынын бет ачары болот


Кинорежиссер Нурбек Эгендин “Манастын төрөлүшүн утурлап” аттуу толук метраждуу даректүү тасмасы “Санжыра” кинокомпаниясы тарабынан чыгарылды. Автор фильмде мекен идеясын көтөрүп, бүдөмүк абалдан чарчаган кыргыз калкынын нагыз жол башчысын, Манастын кайра жаралышын күткөнүн сүрөттөйт. Фильм соңку заманбап киноформатында тартылган. Аны тартууга Кыргызстан, Орусиянын кинематографтары, окумуштуулар, тарыхчылар, ишкерлер, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, сүрөтчүлөр, элдик өнөр жана музыка чеберлери катышкан.

Тасманын бет ачары 30-августта “Ала-Тоо” кинотеатрында болот. 31-августтан тарта тасма “Октябрь” кинотеатрында жана Ош шаарындагы драма театрда кыргыз жана орус тилдеринде көрсөтүлө баштайт.

Бир канча жылдан бери Орусияда иштеп жаткан кыргыз кинорежиссеру Нурбек Эген 1999-жылы Москвадагы кино институтун (ВГИК) аяктаган. Ал "Аталар керээзи" аттуу алгачкы көркөм тасмасы менен кыргыз журтчулугуна таанылган. Ага чейинки кыска метраждуу фильмдери да бир катар эл аралык сыйлыктарга татыган. Нурбек Эген тарткан телесериалдар Орусиянын мамлекеттик телеканалдарынан да көрсөтүлүп келет. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG