Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Ооганстанда НАТОнун машыгуу борборуна чабуул аракети болду


Бүгүн миңге жакын киши Түндүк-Батыш Ооганстанда НАТОнун машыгуу базасын басып алганга аракет жасады. Алар борбордогу чет элдик аскер күчтөрүнүн мүчөсү оогандык полиция кызматкерин атып өлтүрдү деген кабардан улам, НАТО күчтөрүн айыптап, ал жерге чабуул жасаганга аракеттеништи. Ошол жердин тургундарынын айтымында, атышуулар испаниялык аскерлердин көзөмөлүнүн астындагы Түркмөнстан менен чектеш Ооганстандын Бадгиз аймагынын баш калаасы Калай-е-Нау деген шаарында башталды.

Испан бийлигинин сөзүнө караганда, бүгүн ооган полициясынын айдоочусу машыктыруучуларга ок чыгарган. Андан эки испан полисмени жана алардын котормочусу набыт болду.

Испан аскерлери куралчан оогандыкты атып өлтүрүшкөн. Бул жөнүндө кабар тарагандан кийин Бадгиз аймагындагы Калай-е-Нау шаарынын тургундары бүгүн нааразылыкка чыгышты. «Азаттык» үн алгысынын ооган кызматы окуянын бир нече күбөлөрү менен менен маек курду. Алардын айтымында, нааразылык билдирип чыккандар испандардын Аймактык Машыгуу Тобунун базасына жакын келип, ошол жердеги курулуштарга ок ата баштаган. Испан аскерлери жооп кайтарганда, кээ бир митингичилер жарадар болгон.

Бадгиз аймагынынын вице-губернатору Абдул Гани Сабери ооган аскерлери жана полициясы жергиликтүү өкмөт мекемелерин кайтаруу үчүн жөнөтүлгөн, деп билдирди. Каршылык акциясына чыккандар жергиликтүү өкмөттүк мекемелердин алдына топтолуп, айнектерин сындырып талкалай баштаган. «Алар тез арада аймакка Ооган улуттук армиясын, полициясын жайгаштырууну талап кылышты», - деди Сабери.

«Ооган улуттук полициясы машыгууларды адатта испан базасында өткөрөт. Ооган полициясынын айдоочусу болуп иштеген Гуллам Сакхи базага курал алып кирип, аны токтотконго аракет жасаган испан аскерлерин ата баштады. Үч киши мерт болду», - деди Абдул Гани Сабери.
Анын айтымында, «ооган талиптери жергиликтүү полиция органдарына кирип алып, баштагы чабуулду уюштурган» деген шек бар.

«Бул чабуулдун артында так пландаштырылган сценарий турат. Биз мунун артында талиптер турат го деп жатабыз. Анткени алар - Ооганстандын душмандары, жерибизде тынчтык жана стабилдүүлүктү каалабаган күчтөр», - деди Сабери мырза.

Испандык өкмөт болсо, машыгуу базасын басып алуу аракеттери болду деген кабарды четке какты. Расмий бийлик азырынча оогандык сот өкүлүнө базага кирүүгө уруксат берилгени жөнүндө гана кабарлашты. Анткени жаалданган митингчилер атылган ооган аскеринин денесин жакындарына кайтарып берүүнү талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG