Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:41

Ооганстанда испаниялык таалимчилер өлтүрүлдү


Испан өкмөтүнүн билдиргенине караганда, адегенде аларга машыгуудан өтүп жаткан ооган полицейи ок ачкан. Натыйжада испаниялык эки таалимчи менен алардын котормочусу каза тапты. Ал эми ооган расмий өкүлдөрүнүн айтымында, кол салган ооган уруш учурунда испан аскерлеринин огунан мерт болгон. Окуя кайра куруу тобун испаниялыктар башкарган Багдис провинциясында болду. Күбөлөрдүн айтымында, провинциянын борбору Калай –е- Нав шаарында ошол кайра куруу тобунун кеңсеси жайгашкан базаны демонстранттар тегеректеп, кеминде бир имаратка өрт коюп жиберишкен. Базага кирүүгө умтулгандардын айрымдары, испан аскерлери аларды токтотуу үчүн аткан октон жаракат алганы да кабарланды. Провинциянын губернаторунун орун басары Абдул Гани Саберинин “Азаттыкттын” ооган кызматына айтканына караганда, чет элдик таалимчилерге жасалган кол салууну уюштуруу үчүн Талибан полиция күчтөрүнүн катарына өз өкүлдөрүн киргизип жиберген болушу мүмкүн деген божомолдор бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG