Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:57

Сауд Аравияда аялдар дүкөндөрдө кассирлик кызматка алынууда


Өлкөдө аялдардын коомдук жайларда иштөөсүнө салынган тыюуну United Azizia Panda деп аталган компания бузган. Саудиянын аймагында жүздөн ашуун ири дүкөнү бар бул компаниянын басма сөз катчысы Тарик Исмаилдин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, алар пилоттук программанын негизинде 16 аялды кассирлик кызматка алды. Аталган компаниянын Бириккен Араб Эмираттарындагы дүкөндөрүндө аял сатуучулар буга чейин эле иштөөчү. Ал эми Сауд Аравияда эскичил күчтөр ондогон жылдардан бери жубай эмес аялдар менен эркектердин бир жайда чогуу иштөөсүнө тыюу салган эрежелерди киргизип келишкен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG