Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:02

Казакстанда фермерлердин банкрот болуу коркунучу бар


“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматынын маалыматына караганда, фермерлер арасында мындай коркунуч быйылкы ысыктан улам түшүм начар болгонуна байланыштуу жаралууда. Казакстандын фермерлер союзунун төрагасы Ауэзхан Дариновдун айтымында, кургакчылыктан улам казак фермерлеринин 20%га чейинкиси банкрот болушу ыктымал. Себеби түшүм болбой калгандыктан улам алар карыздарын төлөөгө жөндөмсүз.

Бул аралыкта президент Нурсултан Назарбаев кечээ Түндүк Казакстан облусунда болгон учурунда Казакстандын айыл-чарбасынын дүң өндүрүшүнүн быйылкы көрсөткүчү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2%га жогору экенин белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG