Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:02

ЕККУ Кыргызстандын бийликтери менен шайлоону жакшыртуу чараларын талкуулады


Бул тууралуу Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму 25-августа тараткан маалыматта айтылат. Маалыматка караганда, ЕККУнун шайлоолорго байкоо жүргүзүү мекемеси - Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюронун өкүлдөрүнүн Бишкектеги жолугушууларда негизги көңүл анын чектелген сандагы байкоочулар миссиясы 27- июндагы референдумда берген сунуштар жана алар парламенттик шайлоо учурунда кантип ишке ашырыларына бурулган. Демократииялык институттар жана адам укуктары бюросу кыргыз өкмөтүнүн чакыруусуна ылайык, 10 –октябрга белгиленген парламенттик шайлоого да байкоо жүргүзөрүн билдирүүдө. Кыргызстандын өзүндө болсо 25 -август шайлоого катышуучу саясий партиялар үчүн курултайларды өткөрүүнүн акыркы күнү болду. Борбордук Шайлоо Комиссиясынан билдиришкендей, саясий партиялардын талапкерлеринин курултайларда бекитилген тизмелери 30-августка чейин кабыл алынат. Ал эми талапкерлерди каттоо жараяны 10-сентябрга чейин жүрөт. Шайлоого катышуу ниетин Кыргызстанда расмий катталган 148 партиянын 57си билдирген. Бирок бир партия кайра арызын чакыртып алган. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG