Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:04

Кыргызстандын түштүгүндөгү ЖОЖдордо окуу жараяны 18- октябрда башталат


“Азаттыктын” Оштогу кабарчысынын билдиргенине караганда, бул тууралуу 25-августа түштүк башкалаасындагы жыйында өлкөнүн билим берүү жана илим министри Канат Садыков айтты. Кийинчерээк ушул эле маалыматты өкмөттүн социалдык маселелер боюнча вице- премьери Өктөмкан Абдуллаева да ырастады. Кабыл алынган чечимге ылайык, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймагындагы жогорку окуу жайларда сабактар 18-октябрдан тарта гана башталат. Билим берүү тармагын тейлеген расмий өкүлдөр мунун себебин парламенттик шайлоону утурлай саясий партиялардын студенттерди өз тарабына тартуу коркунучу бардыгына жана коопсуздук жүйөөсүнө да байланыштырышууда. Билим берүү жана илим министри Канат Садыков 24-август күнү “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде муну июндагы окуялардан улам түштүктөгү жогорку окуу жайларда мамлекеттик экзамендер тапшырылбай, жайкы сессиялар күзгө жылдырылганы жана баарын бир учурда жүргүзүү мүмкүн эместиги менен да түшүндүрдү. Министрдин айтымында, окуу жараяны расмий башталганга чейин түштүктөгү жогорку окуу жайларда жайында тапшырылбай калган экзамендерди өткөрүү керек.

Мындай билдирүү Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов Ошто коопсуздук маселеси чечилмейинче, орто мектептерде жаңы окуу жылынын башталышын токтото туруу зарылдыгын айткандан кийин жасалды. Бирок билим берүү министринин айтымында, жалпы эле түштүк аймагында, анын ичинде Ош облусунда орто мектептер адаттагыдай эле 1-сентябрда ачылат. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG