Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:53

Москвада оппозициячыл саясатчы Лев Понамарев 3 күнгө камалды


Москванын райондук соту укук коргоочу жана Кремлге оппозициячыл 70 жаштагы саясатчы Лев Понамаревду милицияга баш ийбейт деген кине менен 3 суткага камады. Сот отурумунда Л.Понамарев аны кармаган жана күбө катары өткөн милиция кызматкерлерине каршы кылмыш иши козголушу керектигин айтты. Анын пикиринде милиция кызматкерлери жазган кармоо кагазы жөн эле ойдон чыгарылган.
«Интерфакс» агенттиги соттун өкүмү угузулгандан кийин Понамарев өзүн жаман сезип, «тез жардамдын» дарыгерлери чакырылгандыгын билдирет. Андан кийин саясатчыны Арбат райондук милицияга алып кетишкен жана кайсы кармоочу жайда тураары белгисиз.

22-августа укук коргоочу Л.Понамарев, «Солидарность» кыймылынын лидерлери Б.Немцов жана М.Шнайдер Жаңы Арбат менен Садовое Кольцо көчөлөрүндө жөө жүрүш маалында кармалып, эки саясатчы эртеси эртең менен бошотулган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG