Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:53

Ашхабадда Түркмөнбашынын эстелиги көчүрүлөт


Ашхабадда мурдагы президент Сапармурад Ниязовдун алтындан жасалган эстелигин алуу иши аяктады. Чокусунда Түркмөнбашынын эстелиги коюлган бийиктиги 63 метр «Бейтараптык аркасын» бузуу иши эки айга чукул уланып, аны түрктөрдүн Полимекс ишканасы аткарды. Бул ишкана эми эселикти шаардын башка жериндеги кудум мурдагыдай курулган, бирок дагы 20 метр бийик аркага алып барып кайра орнотот.
Ашхабаддын борборундагы эң кымбат жана бийик эстеликти башка жерге көчүрүү идеясын азыркы президент Бердымухамедов көтөрүп чыккан. Президент жактырган жаңы архитектуралык долбоордо Түркмөнбашынын аты аталбайт. Бийиктиги 95 метр болгон жаңы архитектуралык эстелик түркмөндөрдүн негизги беш уруусунун оймо-чиймеси жана өлкөнүн герби, желеги менен кооздолот.

Президент Бердымухамедов буга чейин Түркмөнбашынын атын мамлекеттик гимндин текстинен, көчөлөрдүн аталыштарынан алдырып салган. Ниязовдун миңдеген портреттери алынып салынып, ал жазган «Рухнаманы» милдеттүү окутуу токтотулган.

XS
SM
MD
LG