Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:04

Баткенде шаар мэринин алмашуусуна каршы акция бүгүн да уланууда


“Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын билдиришинче, учурда Баткен шаардык мэриясынын алдына жүзгө чукул киши чогулду. Алар жогорку бийликтин шаарга жаңы мэрди дайындаган буйругуна нааразы болуп, мурдагы мэр Сейдакмат Эрматовдун калышын талап кылып жатышат. Ал эми облус гебернатору Султанбай Айжигитов Сейдакмат Эрматов өз жумушун аткарбай, саясий иштерге аралашып кеткени үчүн жана 27-июнда өткөн референдумдун уюштуруу иштерин жакшы өткөрбөгөндүктөн кызматтан алынганын “Азаттыкка” билдирди. Өз кезегинде мурдагы мэр өзүнүн кызматтан алынышын губернатор менен жакшы эмес мамиледе болгону үчүн деп сыпаттоодо. “Мен эч бир партияны колдобойм деп айткам. Ошондуктан шайлоо алдында губернатордун сунушу менен кызматтан алышты”, - деп билдирген Сейдакмат Эрматов.

Сейдакмат Эрматов бул кызматка мурдагы президент Бакиевдин тушунда, 2009-жылдын 16-февралында дайындалган. Быйыл 7-апрелдеги бийлик алмашуудан кийин деле ал бул орунда кала берген.

24-августта губернатор Султанбай Айжигитов жаңы мэр Ашым Райымкуловду тааныштырган болчу. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG