Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:29

6-7-апрелде жабыркагандардын митинги бүгүн да уланды


6-7-апрелде жабыркагандар тарабынан түзүлгөн "Айкөл Ала-Тоо" коомунун 80ден ашуун өкүлү бүгүн да Жогорку Кеңештин имаратынын алдына тынч митингге чыгышты. Алар апрель ыңкылабында каза таап жана жабыркагандардын макамын аныктоо, "Тазалануу жөнүндө" мыйзамды эртерек кабыл алууну жана президент Роза Отунбаеванын кабыл алуусун талап кылып турушат. Бул тууралуу "Азаттыкка" ошол окуяда бутуна ок тийип жабыркаган Кыргызбек Жумаканов кабарлады.

Өткөн жумадан бери митингге чыгып жаткан "Айкөл Ала-Тоо" коомунун өкүлдөрү Жогорку Кеңештин алдына боз үй тигишкен. “Бүгүн Роза Отунбаева кабыл алат дегенде биз жыйнаганбыз. Бирок кабыл алган жок. Биз талаптар аткарылмайынча тынч митингди уланта беребиз”, - деди К.Жумаканов.

Ал эми бүгүн президент Роза Отунбаева 6-7-апрелде жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө акчалай каражат бөлүп берүү боюнча токтомго кол койду. Ага ылайык, он миңден элүү миң сомго чейин каражат беш адамга берилмекчи. Мындай маалыматты Президенттин маалымат кызматы бүгүн таратты.

7-апрелде Ак үй тараптан митингге митингге чыккан элге ок атылып, 80ден ашуун адам каза болуп, эки миңге чукул адам жаракат алган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG