Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:47

Бишкекте бир ишкерди үй-бүлөсү менен өлтүрүп кетишти


Кылмыш Бишкек шаарынын Жумушчулар шаарчасы деп аталган кичи районунда, түшкү саат экилер чамасында мунайзат менен алектенген ишкердин өзүнүн үйүндө болгон. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат жана коомдук байланыш башкармалыгынан бүгүн “Азаттыкка” тастыкташты. Маалыматка ылайык, белгисиз адамдар 20-август күнү ишкер 1963-жылы туулган Жолдошбек Керимкуловду, жубайы жана 20 жаштагы кызы, 15 жаштагы баласын өлтүрүп, үйүн тоноп кеткен. Окуя болгон жерден ок атуучу куралдын беш чачма огу табылган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, аны министрдин орун басары Мелис Турганбаев өзү көзөмөлгө алууда. Жасалган кылмыш боюнча үч версия айтылууда, алар тергөө амалдарынын кызыкчылыгына байланыштуу ачыкталбайт. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG