Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:02

Бишкекте ишкерге кол салуу учурунда төрт адам өлдү


ИИМдин басма сөз кызматы жиберген маалыматта мунайзат сатуу менен алектенген ишкер Жолдошбек Керимкуловдун үй-бүлөсүнө кол салуу учурунда төрт адам өлтүрүлгөнү айтылат. Ишкердин үйүнө карактоо максаты менен кол салуу 20-августта саат эки ченде болгон. Ж. Керимкулов бети-башына урулган соккулардан көз жумган, ал эми анын 44 жаштагы аялын, 20 жана 15 жаштагы эки баласын атып өлтүрүшкөн. Окуя боюнча тергөө-иликтөө иштери башталды. (КС)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG