Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:05

Ош мамлекеттик университетинин чоң залында түштүк жергесинин агартуучулары жыйын куруп, коопсуздук жана окутуунун сапатын жакшыртуу маселелерин талкуулашты. Конференцияда сүйлөгөндөрдүн басымдуулугу мектептерде көбүнчө ардагерлер жана ЖОЖдордо сырттан окуган студенттер калгандыгын, акыбал мындай тейде уланса, билим берүү системасы анык кризиске кабылаарын эскертишти. Ошол эле учурда жогору бийлик өкүлдөрү коопсуздук көйгөйү дээрлик чечилип калгандыгын, ошентсе да, сабак мектептерде 1-сентябрда, ал эми жогорку окуу жайларында 18-октябрда башталаарын, мындан тышкары тармакты өнүктүрүүнүн жаңы концепциясы иштелип жаткандыгын жарыялашты.


Агартуучулардын аймактык конференциясында адегенде эле Өкмөттүн өкүлдөрү түштүктө кырдаал турукташып бараткандыгын белгилешип, ошентип сабактар мектептерде 1-сентябрдан, ал эми жогорку окуу жайларында парламенттик шайлоодон кийин 18-октябрдан башталаарын жарыялашты.

Жалал-Абат облусуна караштуу Ноокен райондук агартуу бөлүмүнүн башчысы Орозбай Шеров маянанын аздыгынан улам мектептерде көбүнчө ардагерлер жана ЖОЖдордо сырттан окуган студенттер калышкандыгын билдирди:

- Кыргызстандын жогорку окуу жайлары мугалимдерди миңдеп-миллиондоп даярдаган күндө деле алар мектептерге барышпайт. А түгүл мындайда жаш педагогдордун депозити дагы маселе чечпейт. Эң башкысы - биз деле пендебиз. Бала-чакабыз, тууган-уруктарыбыз толтура. Өлүм-житим, той-топурларда арзыбаган айлыкка эмгектенген агартуучулар бизнесмендердин, башка дагы акчалуу көпөстөрдүн жанында моралдык жактан катуу басмырланып жатабыз.

Ал эми Баткен облусундагы аты уйкаш райондун жалгыз гимназиясынын директору Ильяз Жусуповдун баамында, окууга жакшы шарт жаратмайынча, билим сапаты жөнүндө кеп кылуунун кажети жок.

- Анча-мынча донорлор жана долбоорлор аркылуу алынган эмеректерди кошпогондо, дээрлик бардык мектептер Союз ыдырагандан бери жаңылана элек. Парталар, доскалар, үстөлдөр, олтургучтар жана шкафтар таптакыр эскирип бүттү, мындан ары урунууга жарабайт. Дагы кейиштүүсү, Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн усулканасы Өкмөт тарабынан жоюлуп, беш-алты гана адиси калды. Алар чөлкөмдөгү элүү-алтымыш мектепти кыдырып, окуу-тарбия жараянын толук көзөмөлдөөгө, ошондой эле жаш мугалимдерге усулдук жактан көмөк көрсөтүүгө үлгүрүшпөйт. Менимче, бүт республикада ушундай көрүнүш. Ошондуктан, агартуу бөлүмдөрүнүн алдындагы усулканаларды калыбына келтирүү зарыл деп эсептеймин, - деди Ильяз Жусупов.

Ош облусунун Кара-Кулжа райондук агартуу бөлүмүнүн жетекчиси Пирим Дыйканов билим берүү тармагына жетиштүү көңүл бурбагандыгы үчүн Кыргыз Өкмөтүн сындады:

- Өлкөбүздө билим берүүгө ведомстволук, же мындайча айтканда, ат үстүнөн мамиле жасап жатышат. А чындыгында, агартуу тармагына мамлекет, коом жана ар бир жаран өзгөчө камкордук көрүүгө тийиш. Ушуга улай башталгыч класттардын окуучуларынын тамагы жөнүндө да айтпасам болбостур. Бул максатта жыл сайын жарым миллиард сомдон ашык акча бөлүнүп келатат. Балдарыбызга оокат-аш уюштурдук, бирок андан билим сапаты жакшырып, мээлери ылдам иштеп кеткен жок. Ушундан көрө мынча каражатты жаш мугалимдердин маянасын көбөйтүүгө жумшасак, андан утаар элек.

Ара-чолодо Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Мухтар Орозбеков жаштардын көпчүлүгү акыркы жылдары болочогу кенен, айлыгы жогору кесиптерге тапшырып жатышкандыгын, акыбал мындай тейде уланса, элеттеги билим журттары жакын арада кризиске кабылаарын эскертти.

- Мына, акыркы үч жылдан бери педагогикалык адистиктерге абитуриенттер келбей коюшту. Тапшыргандардын саны да жылдан жылга суюлуп баратат. Кээ бириңиздер айтышыңыздар мүмкүн, “июндагы Ош окуясынын буга кесепети тийди” деп. Жок, андай эмес! Мына, быйыл башка адистиктер жаатында университеттин планы толду. Бажы, юриспруденция, медицина жана экономика кесиптерине умтулгандар арбыды. А педагогикалык адистиктерге орундардын дээрлик 40 пайызы толгон жок. Айрымдарына бир дагы улан-кыз тапшырган жок. Беш жылдан бери ректормун, мына ошончо мезгилден тарта ушул маселени козгоп келатамын, тилекке каршы, бир дагы маселе чечилген жери жок, - деп тызылдады Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Мухтар Орозбеков.

Сөзгө аралашкан агартуу министри Канат Садыковдун айтымында, түштүк жергесинин жашоочулары кооптонууга негиз жок. Ошондуктан, мектептерде сабактар демейдегидей 1-сентябрдан башталат. Ал эми алдыдагы парламенттик шайлоо убагында студенттерди кайсыдыр бир саясий күчтөр арам максаттарга пайдаланып жибербесин деп чочулап, алардын окуусу 18-октябрга жылдырылды.

Мындан тышкары ушул тапта окуу пландары кайрадан такталып иштелип чыгууда. Ага ылайык мурда жөнсүз кыскартылган адеп жана кыргыз тили өңдөнгөн сабактар окуу пландарына кайрадан киргизилет:

- Мен ачык айтып коеюн, жаңы концепцияга ылйык эски окуу планы калыбына келтирилет. Жаңы стандарттагы заманбап окуу куралдары даяр болмоюнча, мектептердеги башка бир дагы саат жөнсүз кыскартылбайт.

Жыйындын аягында вице-премьер-министр Өктөмкан Абдуллаева түшкөн суроолорго жооп кайтарып жатып, буларды кошумчалады:

- Бюджетте окугандарга башкача мамиле кылууга тийишпиз. Мына, бир студентти беш жыл бою окутканга мамлекет тарабынан жыйырма беш миллион сом жумшалат. Мындай кылалы, ошол бюджеттик адистиктерди бүтүргөндөр кеминде үч жыл бөлүнгөн жеринде иштесин. Буга көнбөсө, Өкмөт короткон чыгымды бүтүндөй төлөсүн, андан ары төрт тарабы кыбыла. Муну айтып жаткан себебим, биз изилдеп көрсөк, жыл сайын бюджеттик тайпаларды бүтүргөндөрдүн жетимиш беш пайызы сунушталган ишке барышпайт экен. Анын жыйырма беш пайызы гана милдеттүү жерлерде иштешкендиги айкындалды. Албетте, бул терең ойлоно турган маселе.

Вице-премьер-министр Өктөмкан Абдуллаева жаңы шайланчу парламент Өкмөттү утуру алмаштырбастан, жетиштүү мөөнөттө иштөөгө шарат жаратса, жыйында көтөрүлгөн маселелердин көбү чечилип калаарын билдирди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG