Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:59

Жалал-Абад областында мал ууру тобу кармалды


Жалал-Абад областынын Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Эргешов тарабынан алынган оперативдик маалыматтын негизинде, 26-август күнү таңкы саат 06:30 чамасында, Ош-Бишкек унаа жолунда келаткан S 0172 В номерлүү “Хундай-Портер” автомашинасы шектүү катары токтотулган. Оперативдик текшерүү маалында унаага жүктөлгөн беш баш ийри мүйүздүү кара мал уурулук жолу менен алынганы аныкталды. Мал ээлерине келтирилген зыян 120 000 сомдун тегерегиндеги каражат.

Натыйжада алты адамдан турган мал уурулар тобу колго түшүрүлдү. Алар Токтогул районунун Мазар-Суу айылынын тургундары болуп чыкты. Учурда мал уурулардын үстүнөн тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирет. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG