Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:59

Салык системасын реформалоо тууралуу талкуу өттү


“Борбор Азиядагы эркин рынок институту” кечээ салык системасын реформалоо боюнча талкуу өткөрүп, салык саясатын өзгөртүү жаатындагы өзүнүн сунушун ортого койду. Ага ылайык, Кыргызстандын салык системасынын үч негизги көйгөйү бар.

Биринчиси, өлкөдөгү салыктын өлчөмү салык төлөөчүлөр үчүн өтө эле оор. Дүйнөлүк банктын акыркы баяндамасына караганда, Кыргызстандагы ишкерлер өз кирешелеринин 59 пайызын салык катары төлөшөт. Анысы аз келгенсип, салыкчылар ар качан текшерүүлөрдү жүргүзүп, түрдүү шылтоолор менен ишкерлерди айып төлөтөрүн айтып коркутушат. Бул өз кезегинде ишкерлерди көмүскөгө түртүүдө.

Экинчиден, салык кодекси баш аламан болуп кеткендиктен айрым учурларда аларды салык төлөөчүлөр эмес эле салыкчылар өздөрү түшүнбөй калышат. Бул да өз кезегинде көмүскө иштегендерди көбөйтүүдө. Андыктан салык кодексин түп тамырынан өзгөртүп, салык төлөөчүлөр үчүн жөнөкөй жана ачык эрежелерди иштеп чыгуу керек болууда.

Үчүнчүдөн, салык кызматкерлери кардарларга такыр көңүл бурушпайт. Салык төлөөчүлөр салыкчылар үчүн негизги кардар болуп саналса да алар өтө начар тейлөө көрсөтүшөт.

Талкуу катышуучулары салык системасына байланыштуу ушул сыяктуу маселелерге токтолуп, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Осмоновго суроолорду беришти.

Талкуунун бир топ катышуучулары салык системасын түп тамырынан өзгөртүп, Грузиядагы сыңар салыкчылардын баарын кызматтан алып, алардын ордуна таптакыр жаңы адамдарды алып келүү керектигин да айтып чыгышты. Өз кезегинде З.Осмонов Кыргызстанда салык саясаты барган сайын жакшырып баратканын, ушул тапта интернет аркылуу отчет тапшыруу системасы колго алына баштаганын, бул өз кезегинде коррупцияны азайтарын белгиледи. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG