Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:39

Президент Карзай АКШнын аскерлерин Ооганстандан чыгаруу мөөнөтүн сындады


АКШ Конгрессинин делегация мүчөлөрү менен жолугушууда ооган президенти эл аралык аскерлерди чыгарып кетүү мезгилинин жарыяланышы согушкерлерге моралдык колдоо бергендигин айтты. Х.Карзай АКШнын Аскерий Башкы Башкармалыгынын жетекчиси Жеймс Мэттиске терроризм түп тамырынан бери жок кылынмайынча басылбай тургандыгын билдирип, коңшу Пакистанда талиптер жана башка куралдуу топтордун башчылары жайгашкан базаларга ишараат таштады. Кечээ талиптер Ооганстандын түндүгүндөгү полиция бекетине кол салып 8 полициячы өлгөнү кабарланды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG