Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:04

Укук коргоочу Е. Жовтиске А.Сахаров атындагы сыйлык ыйгарылды


Казакстанда абактагы укук коргоочу Евгений Жовтис Норвегиялык Хельсинки комитетинин сыйлыгына татыды. Адам укуктарын коргогон европалык уюмдун баш катчысы Бёрн Энгеслэнд Усть-Каменогорскидеги эмгек-түзөтүү абагында отурган Евгений Жовтиске барып учурап, эки сааттай сүйлөштү.
Норвегиялык Хельсинки комитети 2010-жылдагы Андрей Сахаров атындагы сыйлыкты Жовтистин Казакстанда гана эмес жалпы региондогу адам укуктарын коргоодогу узак эмгеги үчүн ыйгарды.

Казакстандын адам укуктары боюнча бюросунун башчысы Евгений Жовтис жол кырсыгына кабылып, анда адам өлгөн. 2009-жылы Алматы облусунун Балхаш райондук соту аны колония поселения шартындагы абакка төрт жылга кескен. Укук коргоочунун кесиптештери, беделдүү казакстандык жана эл аралык укук коргоочулар, журналисттер казак бийлиги кырсыктуу окуяны укук коргоочуга каршы пайдаланды дешет.

XS
SM
MD
LG