Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:04

Д.Медведев Химкиде жол курууну токтотту


Орусиянын президенти Москванын четиндеги Химки токою аркылуу өткөн кара жол куруу долбоорун токтотту. Бул тууралуу маалыматты Д.Медведев интернеттеги өзүнүн видеоблогуна койгон. «Автожол куруу тууралуу өкмөттүн өзүнчө чечими болгондугуна карабастан, бул маселе биздин сотто каралып тийиштүү чечим чыккандыгына карабастан, «Бирдиктүү Орусия» партиясынын жетекчилик өкүлдөрүнөн тарта опозициялык топторго чейин, коомдук бирикмелер, эксперттик топтор кошумча талдоо керектигин айтууда», деген президент «Арыз-кайрылуулардын көптүгүн эске алып өкмөткө бул жол куруу долбоорун токтотуп, кошумча экскерттик талкууларды өткөрүүнү тапшырууну чечтим» деп айтты.

Москва-Петербург жолунун Химки токою аркылуу өтчү бөлүгүн курууну ушул жылдын октябрь айында баштоо белгиленген. Курулуш үчүн чоң токой аянтын жок кылуу талап кылынат. Алгач мындай курулушка Химкинин жашоочулары менен экологдор каршылык билгизген. Кийинчерээк маселе коомдук талкууга алынып, ага оппозициялык кыймылдар, укук коргоочулар кошулган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG