Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:25

Кыргызстанда мектепке барбаган балдардын саны 100 миңге жетиши мүмкүн


Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында мурдагы депутат, Билим берүү жана илим министринин мурдагы орун басары Галина Куликова белгиледи. Ал 1997-жылы эле мектепке барбаган балдардын саны 12 миң болгонун билдирди. “Эл аралык уюмдар ушул тапта мектеп партасына отурбагандардын саны 80 миң экенин көрсөтүп жатышат. Менимче бул андан да көп. Бишкектин бир эле базарында канча бала окубай иштеп жүрөт”, - деди Г.Куликова. Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, окубаган балдардын саны 1116га жетет. Бул жакында эле Ички иштер министрлиги менен биргеликте өткөрүлгөн “Кайрадан мектепке” рейдинин натыйжасында аныкталган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG