Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:22

Баткен: Көмүр кендеги кырсыктан эки адам ажал тапты


Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо жана коргону бөлүмүнөн «Азаттыкка» бүгүн билдиришкенине караганда, 26-август күнү түштөн кийин Баткен районуна карашатуу Самаркандек айыл округунда жайгашкан «Максат» көмүр кенинде жер көчүп, ичинде калган 2 киши газдан ууланып каза болгон. Кайтыш болгондордун бири 25 жашта болсо, экинчиси 38 жашта экен.

Облустук бийликтин өкүлү аталган аймактардагы көмүр казуучу менчик ишканалардын ээлерине коопсуздук эрежелерин так сактоо боюнча жакында эле атайын эскертүүлөр болгонун, бирок алар маани бербегендиктен ушундай кайгылуу окуялар болуп жатканын айтат. (JsA)

XS
SM
MD
LG