Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Президент Аксы окуясы боюнча чыныгы күнөөкөрлөрдү аныктоо милдетин койду


Бүгүн Бишкекте өткөн Коопсуздук маселесин талкуулаган жыйында үч маселе каралды. Алар 7-апрель жана түштүктөгү улут аралык жаңжал чыккан июнь окуясы, парламенттик шайлоонун коопсуздугун камсыз кылуу жана Каржы полициянын тегерегиндеги маселелер. Жыйында Убактылуу өкмөт мүчөсү, вице премьер-министр Азимбек Бекназаров өкмөттүн башкы маселеси - таза шайлоо өткөрүү экенин белгиледи.

Жыйынга катышкан президент Роза Отунбаева тиешелүү органдарга мурдагы президент Курманбек Бакиевдин доорунан бери келе жаткан төрт маселени тезирээк иликтеп, аягына чыгаруу тапшырмасын койду. Алар: Президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун, журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө байланыштуу, Аксы окуясына чыныгы күнөөлүлөрдү аныктоо жана “Ата Мекен” партиясынын лидери, ошол кездеги парламент төрагасы Өмүрбек Текебаевге байланыштуу “матрешка-гейт” окуясы. (КЕ)

XS
SM
MD
LG