Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:44

Жаныш Бакиевге «матрешка-гейт» боюнча сырттан айып тагылды


Бул тууралуу укук коргоо жана күч органдарынын жетекчилеринин бүгүн өткөн жыйынында айтылды. Бул боюнча ушул окуяга тиешеси бар делген үч адам көрсөтмө берген. Алар кызматтык абалда ушундай жолго барды делип, аларга козголгон кылмыш иши жабылган. Маалыматка ылайык, Жаныш Бакиевге карата айып тагуу үчүн бардык далилдер чогулган жана ага сырттан айып тагылды.
Жаныш Бакиев 7-апрелден кийин өлкөдөн чыгып кеткени айтылып, ага издөө жарыяланган.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Жаныш Бакиев Улуттук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары, андан кийин быйыл апрелдеги ыңкылапка чейин Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы болуп иштеп турган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG