Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:58

Беларус Курманбек Бакиевди берүүдөн баш тартты


Бул тууралуу баш прокурор Байтемир Ибраев бүгүн коопсуздук маселелерин караган жыйында билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан буга чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевди өз өлкөсүнө кайтарып берүү боюнча расмий Беларуска эки ирет кат жөнөткөн. Бирок эки ирет тең баш тарткан жооп келген. Баш прокурор ушул тапта Курманбек Бакиевди кайтарып алуунун башка жолдорун да карап жатышканын белгиледи.
Мурдагы президент Курманбек Бакиев быйыл 7-апрелдеги ыңкылаптын натыйжасында бийликтен ажыраган. 19-апрелден бери ал айрым үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге Беларустун ордо шаарынын жанында саясий башпаана алып жашап келет. Мурдагы президентке жана анын жакындарына Кыргыз бийлиги тарабынан бир нече кылмыш иши козголгон. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG