Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:17

Ооганстанда эки жардыруу болду


Ооганстандын түштүгүндө жана чыгышында болгон эки башка жардыруудан үч америкалык аскер набыт болду. Ал жөнүндө НАТОнун Эл аралык Коопсуздук Жардам Күчтөрү кабарлашты. Ал арада бейшембиде өлкөнүн Кундуз аймагындагы жардыруудан үч ооган полисмени жана эки карапайым тургун мерт болгон. Бүгүн болсо Ооганстандын бийлиги эл аралык аскер күчтөрүн талиптердин көзөмөлүндөгү Кунар аймагын бомбалоо операциясын айыптап, андан алты бала набыт болгонун билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG