Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:43

Түштүктөгү коогалаңды телеканалдар бейтарап чагылдырышкан


Ош жана Жалал-Абадда июнь айында болгон окуяларды Кыргызстандагы телеканалдар жана маалымат агенттиктери бейтарап чагылдырганга аракет кылышкан. Бул маалымат каражаттары окуяга талдоо салуудан мурда фактыларды гана берип турушкан. Мындай жыйынтык "Медиа полиси институту" коомдук кору жүргүзгөн мониторингден соң келип чыкты.

Аталган коомдук фонддун жетекчиси Бегайым Үсөнова билдиргендей, май айынан тарта июндун акырына чейин созулган мониторингде Кыргызстандагы "Биринчи канал", "ЭлТР" жана "Бешинчи канал" телеканалдары жана "Кабар", "Акипресс", "24.kg" маалымат агенттиктеринин жаңылыктары талдоого алынган. Ресурстардын жетишсиздигинен улам бул мониторинг гезиттерди камтый алган эмес. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG