Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Орусиянын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Нарында болду


27-августта Нарын облусунун мугалимдеринин жаңы окуу жылына арналган август кеңешмесине Орусиянын Кыргызстандагы элчиси В. Власовдун кеңешчиси Е. Терехин баштаган делегация келди. Элчинин кеңешчиси Нарын шаарындагы № 2 В.П.Чкалов атындагы мектеп гимназиясына Орусиянын президенти Д. Медведевдин атынан Улуу Жеңиштин 65 жылдыгында ардагерлер менен бекем байланышта болгону үчүн жана окуучуларды мекенчил багытта тарбиялоого кошкон салымы үчүн Ыраазычылык кат жана медаль тапшырды. “Кыргызстан учурда оор кырдаалды башынан өткөрүп жатат, бирок сиздин байлыгыңыз болгон келечек жаш муундар бар” деди Е. Терехин. Мектеп директору Айчүрөк Самакова нарындыктардын атынан Кыргызстандын түпкүрүндөгү чакан мектепти унутпагандыгы үчүн орус президентине ыраазычылыгын билдирди. Убагында аталган мектепте биринчи президент А.Акаев жана учурдагы президент Роза Отунбаева билим алышкан. (JI)

XS
SM
MD
LG