Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:25

Э.Ибраимова АРИСтин жетекчилигине дайындалды


Бүгүн Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) 21 кишиден турган байкоочулар кеңешинин жыйынында Элмира Ибраимова аталган агенттиктин жетекчиси болуп дайындалды. Бул маалыматты Элмира Ибраимова “Азаттыкка” тастыктап, “АРИСтин иши мага тааныш. Алгач болуп каржы маселелерин чечүү жана инвестицияларды тартуу багытында иштер жасалат” деди.

Буга чейин Элмира Ибраимова 2003-2008-жылдары АРИСтин жетекчиси, андан соң мурдакы бийлик учурунда вице-премьер-министр болуп иштеп келген. (KKs)

XS
SM
MD
LG