Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Иран Европанын банктарынан айрым активдерин чыгарып кетти


Press TV каналы Ирандын борбордук банкынын төрагасы Махмуд Бааманиге шилтеп, мындай кадам Европа өлкөлөрүнүн Ирандын банктардагы активдерин камакка алуусуна жол бербөө үчүн жасалганын билдирди. Баамани бирок канча валюта чыгарылып кеткенин айткан эмес. Тегеран уранды байытуу боюнча талаштуу программасынан баш тартпагандан улам быйыл эле БУУнун Коопсуздук Кеңеши, АКШ жана Европа Союзу Ирандын банктарына, мунай ишканалары менен кеме флотуна каршы санкция жарыялаган.

XS
SM
MD
LG