Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:34

Барак Обама: Ирактагы согушту аяктоодо маанилүү кадам жасалды


АКШ президенти Барак Обама апталык радиокайрылуусунда ушул айда Ирактан АКШлык күжүрмөн аскерлерди чыгарып кетүүнү-Ирактагы согушту аягына чыгаруудагы маанилүү кадам деп мүнөздөдү:

- Мен президентке талапкер кезимде бул согушту бүткөрөм деп сөз бергем. Азыр президент ирети убадамды аткарып жатам. Мен бийликке келгенден бери америкалык 90 миң аскер үйлөрүнө кайтарылды. Биз Иракта жүздөгөн базаларды жаптык. Ушу тапта өлкөнүн көптөгөн бөлүгүндө коопсуздукту ирактыктар өздөрү камсыздоодо.

Барак Обама “башка күнкорсуз өлкөлөр сыяктуу Ирак өз багытын өзү аныктайт. Келерки жылдын аягына бардык аскерибиз үйдө болот” деп да кошумчалады. Анын айтышынча, америкалык күжүрмөн күчтөрдүн Ирактагы миссиясы 31-августта ырасмий түрдө соңуна чыгат. Иракта калган 50 миңге жетпеген аскер 2011-жылдыгын аягына чейин ирактык жоокерлерди машыктырганга көмөктөшүп, кеп-кеңештерин берип турат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG