Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:05

30-августта Бишкекте элдик ишеним форуму өткөрүлөт


Кыргызстандын эгемендик күнүнө арналган “19 жыл эгемендик: мындан кийин эмне болот?” аттуу элдик ишеним форумунун жүрүшүндө өлкөдөгү коомдук-саясий көйгөйлөр, өлкөнүн өнүгүү жолдору талкууга алынат. Ага эл аралык, бейөкмөт уюмдардын, жаштар бирикмелеринин өкүлдөрү жана бир катар элчиликтердин өкүлдөрү катышмакчы. Форумдун демилгечи тобунунун төрайымы, Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын жетекчиси Токтайым Үмөталиеванын “Азаттыкка” билдиришинче, форумга бийлик өкүлдөрү, партиялардын мүчөлөрү да чакырылган. Форумдун максаттарынын бири алдыдагы парламенттик шайлоодо чыр-чатактарга жана мыйзамсыз көрүнүштөргө жол бербөө жөнүндө коомчулукту үндөө болуп эсептелет. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG