Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:29

Нарындагы Чкалов атындагы мектеп-гимназия Орусия президентинен ыраазылык кат алды


Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Е.Е.Терехин баштаган ырасмий адамдар 27-августта Нарын шаарындагы №2 В.П.Чкалов атындагы мектеп гимназиясына Россиянын президенти Д.А.Медведевдин атынан Улуу Жеңиштин 65 жылдыгын белгилөөдө ардагерлер менен жакшы байланышта болгону үчүн жана окуучуларды мекенчил багытта тарбиялоого кошкон жакшы салымы үчүн Ыраазылык кат жана эстелик медаль тапшырды.

«Кыргызстан учурда оор кырдаалды башынан өткөрүп жатат, бирок сиздердин байлыгыңыздар болгон келечек жаш муундар бар»,- деди өз сөзүндө Е.Е.Терехин.

Аталган мектептин директору Айчүрөк Самакова нарындыктардын атынан «Кыргызстандын түпкүрүндөгү кичинекей мектепти унутпагандыгы үчүн Россия президентине ыраазыбыз» деп жооп кайтарды.

Чкалов атындагы мектеп тоо койнундагы областта эң алдыңкы мектеп катары таанылган. Союз учурунда бул мектептен биринчи президент А.Акаев жана азыркы бийликтеги президент Роза Отунбаева окуп кетишкен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG