Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Ноокен районунун жаңы шайланган акимине каршы митинг өттү


Бүгүн Жалал-Абад облусундагы Ноокен райондук акимчиликтин алдына райондук кеңештин депутаттарынан, жергиликтүү тургундардан турган жүз чакты киши митинг өткөрүштү. Алар райондук кеңештин сексен пайыздан ашуун депутаты макул болбогон Улан Өсөровдун райондун акими болуп дайындалышына каршы чыгышты.

Ноокен райондук кеңеши 20-августта отурум уюштуруп, анда отуз депутаттын жыйырма үчү жаңы акимдин шайланышына каршы болушкан. Митингге чыккандар райондун акимин элдин каалоосу менен шайлоону талап кылышып, бийликтегилерге кайрылуу кабыл алышты. Чогулгандар райондук бийликке 3-сентябрга чейин мөөнөт берип, талаптары аткарылбай турган болсо акимди шайлоо үчүн чоң курултай өткөрүлөрүн белгилешти.

Ноокен райондук акимчиликтин өкүлү Алимбек Эгембердиев болсо жаңы аким Улан Өсөров президенттин указы менен дайындалганын, ал акимдик кызматка татыктуу экенин айтып, элдин чогулганын туура эмес деп сындады. Бул туурасында аймактан кабарчыбыз Ырысбай Абдыраимов кабарлады.

Улан Өсөров президент Роза Отунбаеванын 27-августтагы жарлыгы менен Ноокен районунун акими болуп дайындалган эле. (KKs)

XS
SM
MD
LG