Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:51

Катрина кырсыгына беш жыл


Бул киши кырсыкта суудан алты күндөн кийин куткарылган.

Бул киши кырсыкта суудан алты күндөн кийин куткарылган.

Эки миңге чукул адамдын өмүрүн алып, бүтүндөй бир шаарды жайпап кеткен Катрина бороонуна беш жыл толду. АКШнын президенти Барак Обама кечээ Ню-Орлеандын Хавиер Университетинде чыгып сүйлөп, шаарды кайра курууну аягына чыгарууга сөз берет деп күтүлүүдө.

2005-жылдын 29-августунда Катрина деген аталыштагы бороондон Кариб булуңундагы Ню-Орлеан шаарында 1800дөн ашык киши чөгүп кеткен. Бир миллиондон ашык адам үстүндөгү үйүнөн ажыраган бул каргашада шаардагы имараттардын төрттөн үчү суу астында калып, 70 пайызга чукулу керектен чыккан.

Андан бери беш жыл өттү, бирок шаарды калыбына келтирүү иштери али бүтө элек. Анын аралыгында, шаар жайгашкан аймакты Кариб булуңундагы мунай кырсыгы басты. Луизиана штатынын жээгинде апрел айында Бритиш Петролиум иштеткен суу алдындагы мунай кудугу жарылганда атылган миллиондогон тонна кара майды тазалоо иштери дагы деле уланууда.

Учурда Ню-Орлеанда 350 миңдей киши жашап жатат. Бул - Катрина каптаганга чейинки калктын 80 пайызына барабар. Айрым оодандарда үйлөр дале бош турат.

Кырсыктын беш жылдыгы алдында (28-август күнү) шаардын четиндеги Ыйык Бернар Париш чиркөөсүндө Катрина бороонун «жерге берүү» зыяпаты болду. Бул символикалык иш-чара шаар тургундарына бир чети көңүл айтып, бир чети эми белди бекем бууп, турмушту улантуунун зарылдыгын эскертүү максатында уюштурулду.

Жергиликтүү тургундардын бири Уоррен Минтер бул зыяраттын маани-мазмунун мындайча түшүндүрдү:

Бул бизге алга карай арым ташташ үчүн керек. Катринаны көмүш мүмкүн эмес, бул кырсык aр бирибиздин көкүрөгүбүзгө мыктай кагылды. Мындай зыяпат бизге анча-мынча болсо да өткөнгө моюн сунуп, келечекти ойлогонго мүмкүндүк берет. Бул жакка чогулдандардын ар биринин башына мүшкүл түшкөн. Анын баарын айтып бүтүрүш да мүкүн эмес.

АКШнын тарыхындагы эң бир каргашалуу бороон-чапкын болуп калган Катринадан 80 миллиард доллардан ашык чыгым болгон. Шаардын бороондон коргоо системасы эскирип калгандыктан, кырсыкка туруштук бере алган эмес. Ал эми кырсыктан кийин убагында жана алгылыктуу жардам уюштура албаганы үчүн ал кездеги президент Жорж Буш катуу сынга кабылган.
XS
SM
MD
LG