Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:31

Б.Обама: «Нью Орлеанс калыбына келмейинче иш уланат»


2005-жылдагы «Катрина» деген бороон-чапкында суу алдында калган бул шаарды куруу дагы эле уланууда жана «иш бүтмөйүнчө улана берерин» кечээ АКШ президенти 5 жылдык эскерүү иш-чарага катышып жатып айтты. «Бул жерде дагы деле жашоо жок же көп жоготуулар болуп жатат деп айтууга болбойт. Көптөгөн студенттер дагы деле убактылуу жайларда окуп жатышат. Дагы деле көптөгөн адамдар иш таба албай жүрөт. Ошондой эле көптөгөн ньюорлеандыктар өз үйүнө келе албай жатат. Бул беш жыл аралыгында өтө чоң жумуш жасалса да, мен бул жерге келип, шаардын жашоочуларынын алдында айткым келет – менин өкмөтүм силер менен чогуу жана бул иш аягына чыкмайын, Нью Орлеан кайрадан калыбына келмейинче силердин катарыңарда турат», деди Б.Обама.

Б.Обама Нью Орлеанды чыдамкайлыктын жана шериктештиктин символу деп атады. Кеминде 1500 киши набыт болгон бул кырсык бир жагынан жаратылыштын катаал жазмышы болсо, экинчи жагынан ага адамдардын да таасири күч болгондугун жана эң башкысы суу ташкынга каршы алдын-ала чара көрө албаган өкмөт катуу сынга кабылган.

2005-жылы 29-августта бороон-чапкын аралашкан суу ташкыны Луизианадан Флоридага чейин каптап эң катуу толкун Нью Орлеан шаарын жайпап кеткен. Бир жарым миллионго чукул тургундар башка жакка көчүрүлүп, жалпысынан эки миңдей киши көз жумган.

XS
SM
MD
LG