Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:20

Камбар-Ата 2 ГЭСинин биринчи агрегаты ишке киргизилет


Бүгүн Камбар-Ата 2 ГЭСинин биринчи агрегатын ишке киргизүү аземи болот. Ага президент Роза Отунбаева баштаган ырасмий өкүлдөр катышат. “Азаттыктын” кабарчысы окуя болуп аткан жерден билдиргендей, ушул тапта ГЭСтин биринчи агрегатын ишке киргизүү аземине келгендер топтолуп, президенттин келүүсүн күтүп турушат.

Эскерте кетсек, былтыр декабрь айында Камбар-Ата 2 ГЭСи курулуучу жерде ири жардыруу иши жүргүзүлүп, Нарын дарыясы бөгөлгөн болчу. Дамба бийиктиги 60 метрди түздү, ал эми пайда болгон суу сактагычтын өлчөмү 70 миллион куб метрди түзөт. 2007-2010-жылдар арасында Камбар-Ата 2 ГЭСин курууга 9,5 миллиард сом бөлүнгөн болчу. Аталган ГЭСтин биринчи агрегаты ишке кирген чакта өлкө кошумча 500 млн. кВт/саат электр энергиясына ээ болмокчу. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG